7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Джанни Инфантино Садыр Жапаровго ФИФАнын энчилүү футбол формасын белекке берди (ФОТО)

602

Президент Садыр Жапаров менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Джанни Инфантино бүгүн, 5-майда, Бишкек шаарында жолдоштук беттеш өткөрүштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

ФИФАнын командасынын курамында Уюмдун түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, анын ичинде 1998-жылдагы дүйнө чемпиону жана Франция курамасынын курамында 2000-жылдагы Европа чемпиону Юрий Джоркаефф да ойноду.

Президенттик команда курамында Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин администрациясынын кызматкерлери ойношту.

Таймаштуу оюндун жыйынтыгында жолдоштук беттеште мамлекет башчысынын командасы жеңишке жетишти.

Оюн аяктагандан кийин Джанни Инфантино Садыр Жапаровго ФИФАнын энчилүү футбол формасын белекке берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

603