7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто индиялык студент 6-кабаттан кулап каза болду

664

Ош шаарында индиялык студент көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан кулап көз жумду. Бул тууралуу 7-каналга Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 5- майда болжол менен саат 16.00 чамасында болгон. Анда Индиядан келген 2001-жылы туулган ОшМУнун медицина факультетинин 4-курсунун студенти өзү жашаган Курманжан датка кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан кулаган.

Окуя болгон учурда ал үйдө бирге жашашкан жана үйүнө келген бир нече мекендеш коноктору болгон.

Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери башталып, экспертизалар дайындалды.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

665