7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пакистандын Тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

349

Панажи шаарында ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн ТИМ Кеңешинин жыйынына катышуунун алкагында Тышкы иштер министр Жээнбек Кулубаев Пакистандын Тышкы иштер министри Билавал Бхутто Зардари менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактык коопсуздук жана кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Министр Ж.Кулубаев Пакистандын Тышкы иштер министри Б.Зардаринин үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кыргызстанга боло турган расмий сапары кыргыз-пакистан мамилелеринин деңгээлин көтөрүүгө салым кошот деген ишеничин билдирди. Тараптар билим берүү, энергетика, фармацевтика жана текстилдик өнөр жай тармактарында кызматташууну өнүктүрүү үчүн өз ара жагымдуу шарттарды түзүүдө кийинки жыйыны 2023-жылы өткөрүлө турган соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча комиссиянын ишмердүүлүгүн жандандырууну макулдашышты. 

Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы саясий мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип, жогорку деңгээлдеги сапарлар менен алмашуу маселелерин талкуулашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

350