7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров менен ФИФАнын президенти Кыргыз футбол союзунун жаңы кеңсесин ачышты (ФОТО)

455

Садыр Жапаров менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) пезиденти Джанни Инфантино бүгүн, 5-майда, биргеликте Бишкекте Кыргыз футбол союзунун жаңы административдик кеңсесин ачышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Төрт кабаттуу имарат ФИФАнын Форвард (FIFA Forward) программасынын долбоору боюнча курулуп, заманбап жабдуулар менен жабдылган.

Жаңы кеңсенин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы ФИФАнын кыргыз футболунун өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп, спорттук инфраструктураны жакшыртууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров көпчүлүк кыргызстандыктар сыяктуу эле спорттун бардык түрлөрүнөн футбол ага абдан жакын экенин белгиледи. Буга байланыштуу ал ата мекендик футболду өнүктүрүү боюнча демилгелерге абдан ынтызар жана өлкөнүн ФИФАнын долбоорлоруна активдүү катышуусуна кызыкдар.

Мамлекет башчысы ошондой эле, мамлекеттик социалдык саясаттын эң маанилүү багыты калктын руханий жана физикалык саламаттыгына кам көрүү экенин, ал эми дене тарбия жана спортту өнүктүрүү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү роль ойноорун белгиледи.

Ал кыргыз спортчуларынын акыркы мезгилдеги эл аралык мелдештерде жетишкен ийгиликтери элди бириктирип жана жаштарга күчтүү дем бергенин баса белгиледи. Президент мындан улам кыргыз эли Азия кубогунда улуттук курамадан да ушундай эле жогорку жыйынтыкты күтөрүн кошумчалады.

Соңунда Президент Садыр Жапаров ата мекендик футболчуларга алдыдагы беттештерде жеңиштерди жана Кыргыз футбол союзуна жемиштүү иштөөнү каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

456