7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эч кандай себепсиз эле тургунга ок чыгарган деп депутат кармалды

390

Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен биргеликте бейбаштыкка шектүү катары Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутатын кармады.

Июнь айынын башында Чолпон-Ата шаарынын тургуну Ы.Б. арыз менен кайрылган. Анда ал 2022-жылдын октябрь айында шаардык кеңештин депутаты А.У. себеби жок травматикалык тапанча менен аны эки жолу атып, денесине залал келтиргенин билдирип, чара көрүүнү өтүнгөн.

Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, жабырлануучунун далысында жана сол билегинде эки так бар экени аныкталган.

Жабырлануучу укук коргоо органдарына кеч кайрылуусунун себебин депутат К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болгондуктан, өз өмүрү жана ден соолугу үчүн корккондугу менен түшүндүргөн.

Аталган окуя боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») боюнча кылмыш иши козголгон.

ИИМ жана УКМКнын кызматкерлери биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, Ысык-Көл облусунун аймагында 1979-жылы туулган А.У. кармашты.

Кармалган жаран Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоо жайында киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

Эскерте кетсек, буга чейин 13-июнда Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты 1988-жылы туулган Т.С.га карата бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголгон.

 

391