7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эдил Байсалов жумушчу сапары менен Женева шаарында жүрөт

646

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жумушчу сапары менен Женева шаарында (Швейцария Конфедерациясы) жүрөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жумушчу сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин президенти Питер Маурер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы жана Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулады. Тактап айтканда, эл аралык гуманитардык укук, өзгөчө кырдаалдар, пенитенциардык тутум жаатында ишке ашырылып жаткан долбоорлор талкууланды.

Мындан тышкары, Эдил Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) Аткаруучу катчысы Ольга Алгаерова менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары белгилегендей, биздин республика БУУ ЕЭК менен туруктуу өнүгүү, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү жана адам укуктарын сактоо багыттары боюнча кызматташууну чыңдоого кызыкдар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

647