7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Египеттеги эл аралык мелдеште Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты

888

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинин финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жарыяланды.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө. Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сыноодо. Ал алгач франциялык Амелин Дуар менен күрөшүп, аны 7:0 эсебинде утуп алды.

Чейрек финалда Айсулуу америкалык Кайла Миракл менен кармашып, атаандашын мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңип алды. Жарым финалда украиналык Ирина Коляденкону 2:0 эсебинде утуп, финалга өттү.

Белгилей кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште Акжол Махмудовдун агасы Сыймык Махмудов (63 кг) жана Раззак Бейшекеев (67кг) грек-рим күрөшү боюнча коло уткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

889