Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Липенка айылында көлгө 2 бала чөгүп кетти. Бул боюнча ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, каза болгон 14 жаштагы Т. А. жана 19 жаштагы Н. И. экөө тең Жети-Өгүз районунун Ырдык айылынын тургундары болгон.
Окуя катталган жерге Каракол шаарынан 7 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар көлгө чөгүп кеткен эки баланын денесин таап, ИИМ кызматкерлерине жана туугандарына өткөрүп беришкен.