Бишкекте коомдук унааларга карата «Коомдук транспорт» аталышында рейд өтүп жатат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, эки күн ичинде 35 факты аныкталып, 131 миң сом айып салынган.
«Акыркы учурларда жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттор катышкан жол кырсыктары катталып, адам өлүмү менен коштолгон фактылар да байкалууда. Буга айдоочулардын айдоо маданиятын толук өздөштүрбөгөндүгү, автоунаанын техникалык абалына толук көңүл бөлбөгөндүгү, жалпы эле жол эрежелерин толук сактабагандыгы. Рейд учурунда автобустардын, маршруттардын соңку аялдамасына барып, маршруттук кыймылдын графиктерин, техникалык кароодон өткөндүгүн, жүргүнчүлөрдү ташууда көрсөтүлгөн орундуктардан ашырбоосун, жүргүнчүлөрдү алууда же түшүрүүдө көрсөтүлгөн жерлерде токтоосун, ошондой эле айдоочулар каттамга чыгуу учурунда техникалык жана медициналык көзөмөлдөн өтүүсүн текшерүүгө алып, тиешелүү протоколдорду түзүү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө», — деди Кайгуул кызматынан.
«Коомдук транспорт» рейдинин жүрүшүндө эки күндө 35 протокол толтурулуп, анын ичинен техникалык бузуулары байкалып, оң абалда болбогондугу үчүн 22 маршруттук унаага 5 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле техникалык бузууларын билип туруп каттамга чыгарган маршруттук унаанын механиги 10 миң сом өлчөмүндө айыпка жыгылган.
Эскерте кетсек, 8-ноябрдан 30-ноябрга чейин Кайгуул кызматы аталган көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында рейд өткөрүүдө.