«Хизбут-Тахрир» ДЭУнун жетекчилери жана активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында тыюу салынган адабияттарды таратууга, жана жаш өспүрүмдөрдү мыйзамсыз иштерге тартууга аракеттенген «Хизбут-Тахрир» жашыруун топторунун биринин жетекчилеринин жана активдүү мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Алардын кезектеги жыйынына чогулуу учурунда кылмышкерлерди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлүп, ал жыйынга катышкан жаш муунду өстүрүү жана окутуу боюнча экстремисттик «Хизбут-Тахрир» идеологдору тарабынан жыйынга катышкан жашы жете элек өспүрүм балдардын тобу аныкталды.
Кылмыштуу топтун башчысы коңшу мамлекеттердин биринин жараны болгон, ал кармалгандар менен бирге убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Алардын жашаган жерлерин тинтүү учурунда, тыюу салынган көп сандагы адабияттар жана электрондук алып жүрүүчү буюмдар табылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.