«Таза карма» фондунун негиздөөчүсү, эко-активист Андрей Панаев Каракол шаарынан Бишкекке чейинки экологиялык жөө жүрүш акциясын ийгиликтүү жыйынтыктады.
Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, ал айлана-чөйрөнү коргоону жана жашылдандырууну жайылтуу максатында 9 күндүн ичинде 388 чакырым аралыкты жөө басып өткөн.
Акциянын өзгөчөлүгү катары Андрей Панаев сапар бою колуна карагайдын көчөтүн көтөрүп жүргөн. Бишкекке келгенден кийин ал катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү жаңы эко-технологиялык заводдун аймагына барып, аны шаар мэри Айбек Жунушалиев тосуп алды.
Жөө жүрүш учурунда алып келинген карагай жана башка көчөттөр заводдун аймагына отургузулду. Ошондой эле көчөттүн жанына акция тууралуу маалымат камтылган QR-коддуу атайын тактача орнотулду.
Салтанаттуу иш-чарадан кийин катышуучулар шаарды жашылдандыруу, экологиялык маданиятты калыптандыруу жана жаратылышты коргоо боюнча пикир алышты.
Белгилей кетсек, Андрей Панаев Орусиянын Казань шаарында туулган. Кыргызстанга саякаттап келип, өлкөнү жактырып калган соң бул жерде үй-бүлө куруп, учурда Каракол шаарында жашайт. Анын бул экологиялык акциясынын негизги максаты – коомчулуктун көңүлүн жаратылышты коргоого жана экологиялык жоопкерчиликке буруу болуп саналат.



