7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргыз тур-2026» долбоорунун финалдык концерти Ала-Тоо аянтында өттү

281

Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында өлкөдөгү эң ири музыкалык долбоорлордун бири болгон «Кыргыз тур-2026» долбоорунун финалдык концерти болуп өттү.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, иш-чарага борбор калаанын миңдеген тургундары жана шаар коноктору катышты. Концертте белгилүү ата мекендик ырчылар Бегиш, Ulukmanapo, Freeman996, Баястан, Aftok, Era, 7Gen, KAIBAR жана башка өнөрпоздор сахнага чыгып, көрүүчүлөргө жандуу аткарууларын тартуулашты.

Финалдык концерт заманбап кыргыз музыкасынын күйөрмандарын бириктирген ири маданий иш-чаралардын бири болуп, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулады.

Иш-чаранын жүрүшүндө коомдук тартип жана жарандардын коопсуздугу укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана тиешелүү шаардык кызматтар тарабынан камсыздалды.

282