7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экс-депутат Айжигитов жубайын мыйзамсыз ишке орноштурган деп айыпталууда

171

Мурдагы депутат Султанбай Айжигитов жана анын жубайы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Жогорку Кеңештин аппаратына экс-депутат С.Айжигитовдун жубайы Г.Жолдошованын мыйзамсыз жумушка орношуусу боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары келип түшкөн.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн алкагында С.Айжигитов 2021-жылы депутаттыкка шайлангандан кийин кызматтык турак жай жана башка жеңилдиктерди жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, 2022-жылдын башында жубайы Г.Жолдошованы Жогорку Кеңештин аппаратына мыйзамсыз жумушка орноштурууну уюштурганы аныкталган.

Ал жубайы Г.Жолдошованын кызматтык милдеттерин атайылап аткарбай, жумушка келбей калышына жол берген, ошол эле учурда ал айлык акы жана башка тиешелүү төлөмдөрдү толук алып турган.

Г.Жолдошова 2022-жылдын февраль айынан 2025-жылдын апрелине чейинки аралыкта эмгек акы, сыйлыктар, эмгек өргүүсүнө жана башка төлөмдөргө бюджеттен 3,2 млн сомдон ашык каражатты мыйзамсыз алган.

Белгилей кетсек, С.Айжигитов 2005-2008-жылдары жана 2010-2011-жылдары Баткен облусунун губернатору болуп турганда мамлекеттик кызматка ушундай мамиледе болгон.

Эки жолу тең С.Айжигитов аялын мыйзамсыз ишке орноштурган, тагыраагы Г.Жолдошова Баткен облусунун мамлекеттик администрациясына караштуу «Төрт-Гүл» мейманканасынын директору болуп, күйөөсүнө түздөн-түз баш ийип, мыйзамсыз түрдө эмгек акы жана башка төлөмдөрдү алып жүргөн.

Жогоруда баяндалган фактыларды талдоо С.Айжигитов үчүн мамлекеттик кызмат, жеке пайда жана артыкчылык алуу мамлекеттик кызыкчылыктардан жогору тургандыгын ачык көрсөтүп турат, бул массалык маалымат каражаттарында ал тарабынан түзүлгөн элдин кызыкчылыгын коргоочу жалган образынан кескин айырмаланат.

Тергөөнүн жыйынтыгында 30-апрелде С.Айжигитов жана Г.Жолдошова кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылып, аларга тиешелүү айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөөнүн жүрүшүндө баш коргоо чарасы тандалат.

172