7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жол эрежелерин кайрадан окуп, кайталаган айдоочулардын саны өсүүдө

243

Эреже бузган айдоочуларга 1-сентябрдан тартып жеринен жол эрежесин боюнча сурамжылоо жүргүзүп, жооп бере албай калгандарды кайрадан сынакка жөнөтөт. Учурда жумушчу топ сурамжылоонун жана сынакка жөнөтүүнүн жол-жобосун иштеп чыкты. Жакынкы күндөрү коомдук талкууга чыгарылат.

ЖКККББнын борбордук аппарты жана жер-жерлердеги кызматкерлери ИИМдин ардагерлери, дин кызматкерлер, студенттер менен бирге айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Үгүт-насаат иштеринин алгачкы күндөрүнө караганда, азыр айдоочуларда кыйла түшүнүк бар, жол эрежелерин кайталоого кызыгуусу жогору. Айдоочуларды токтоткондо, жол эрежеси боюнча китептерди кайдан алсак болот деп сурап, жол эрежесин толугураак жооп берген айдоочулардын саны көбөйүүдө.

Өлкөнүн баардык аймактарында үгүт-насаат иштери, LED экрандарга жол эрежелери тууралуу роликтер көрсөтүлүп, жол эрежелерин камтыган китептерди басып чыгаруу иштери жүрүүдө.

244