7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экс-депутат: Президенттик башкарууну тандаганыбыз туура жол болгон экен

532

Президенттик башкарууну тандаганыбыз туура жол болгон экен. Бул тууралуу экс-депутат Осконбай Жээнбаев соц.тармактагы баракчасына билдирди.

«Садыр Жапаровдун президенттик кызматына киришкен 3 жылдык мөөнөтүндө жасалган жумуштардын тизмесин окуп калдым. Чындыгында тизме узун, жасалган иштер арбын экени далилдер менен көрсөтүлүптүр. Курулуштардын көрсөткүчү, бүткөн жолдордун аралыгы, өндүрүштүк ишканалар, темир жол, кыргыз армиясынын кубаттуу болушу, өзгөчө кырдаалдар тармагына келген техникалар, вертолёт, самолёт, жол курган, жүргүнчү ташыган техникалар көп алыныптыр.

Мындай кыска аралыктагы натыйжаларды – мамлекеттик башкаруунун туура тандалганы менен байланыштырдым. Мисалы, 2010-2020-жылдар аралыгында парламенттик башкаруу жолун тандап жашап көрдүк. Бийлик үч баштуу болуп калган. Аталышы парламенттик, негизги күч президенттин колунда, өкмөттүн курамын фракциялар бөлүп алган. Энчиге тийген министрликке адистиги, деңгээли туура келбесе дагы “биздин фракциянын үлүшү”-деп дайындай беришкен. Мамлекеттин жоопкерчилигин мойнуна эч ким алган жок, үч баштуу бийлик бири-бирине шылтап, ал ортодо коррупция гүлдөп, саясий кландар калыптанды. Натыйжада парламенттик башкаруу кыргызга эч ылайыксыз экенин көрсөттү.

Садыр Жапаровдун президенттик башкарууну тандап алып, “элдин жүгүн мойнуна алдым, бүт жоопкерчилиги менде, талапты мага айтып, суракты менден кыласыңар”-деген чечкиндүүлүгү натыйжаларды берди. Бюджет эки эсе көбөйдү, салык менен бажы төлөмдөрү 3 эсе көп чогулуп жатат.

Инвестициялык климат түзүлдү, коррупция, уюшкан кылмыштуу топтун кысымынан куткарды. Ишкерчиликке терс таасирин тийгизген текшерүүлөрдү чектеди. Айта берсе дагы көп маанай көтөрчү далилдер бар. Чындыгында 30 жылдан ашык сазга баткан системаны, тамырлашып кеткен кылмыштуулукту кыска аралыкта тазалап, жолго салуу оңойго турган жок. Айтайын дегеним – президенттик башкарууну тандаганыбыз туура жол болгон экен»,- деди Жээнбаев.

533