7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эксперт: АКШнын Мамкатчысынын катына толук жана жүйөлүү жооп берилди

641

Аналитик Бактыбек Саипбаев «Кабар» улуттук агенттигине президент Садыр Жапаровдун АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин катына берген жообу тууралуу пикирин билдирген.

«Садыр Жапаров Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүнүн кереги жоктугун жана айрым НПОлор эки тараптуу мамилеге терс таасирин тийгизген туура эмес фон түзүп жатышканын ынанымдуу жана жүйөлүү түшүндүрүп берди. Өлкө башчы Кыргызстан НПОлорго каршы эместигин, бирок алар алган каражаттары, каржы булактары жана аларды алуудагы максаттары боюнча маалымат берип турууга милдетүү экенин белгиледи. Балдарга жана майыптарга жардам көрсөтүү менен алектенген уюмдарга эч кандай маселе жок, алар өздөрү деле бул мыйзамдын кабыл алынышына каршы эмес. Бул мыйзам НПОнун чакан тобуна — саясий ишмердүүлүк жүргүзгөндөргө тиешелүү.

Чындыгында, бул ушундай, чет өлкөлүк грант алуучулардын айрымдары Кыргызстандын бийлигине элдешкис оппозиция болуп алышкан. Аны менен тиричилигин жасашат, каржылоо алышат, кимдир бирөөгө бул үй-бүлөлүк бизнеске айланып калган. Анан, албетте, бул уюмдарга жок дегенде акыркы он жылга аудит жүргүзүү маселеси абдан туура.

Көз карандысыз эксперттер менен грант алуучуларддын Кыргызстандагы кырдаалдарга берген бааларында өтө чоң айырма бар. Ошондуктан айрым НПОлор өздөрүнүн демөөрчүлөрүн атайылап адашууга түртүп, дагы да көп каражат алуу үчүн туура эмес маалымат жеткириши толук мүмкүн. Реалдуулуктун жана фактылардын бурмаланышы мамлекеттин улуттук коопсуздугунан алганда өтө маанилүү нерсе.

Көпчүлүккө жеткирилген маалымат үчүн жоопкерчиликти ала билүү керек жана муну так түшүнүү зарыл. НПОнун саясий сектордо иш жүргүзгөн тар чөйрөсү жоопкерчиликтүү болушу шарт. Бул тармакта биз албетте, тартип орнотушубуз керек, аны Садыр Жапаров так түшүндүрдү. Аны менен президент өтө маанилүү нерсеге — бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү башка адамдардын укугун жана эркиндигин бузбашы керектигине көңүл бурду», — деген Бактыбек Саипбаев.

Булак: Саясат.kg

 

 

642