Сербиядагы эл аралык мелдеште Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы төрт медаль жеңип алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен кабарлашты.
- Сейитбек Мунарбек уулу 57 кг салмакта алтын;
- Өмүрбек Бекжигит уулу 80 кг салмакта алтын;
- Нуржигит Дүйшебаев 51 кг салмакта күмүш;
- Санжай Сейдакматов 57 кг салмакта коло медаль утуп алды.
Эскерте кетсек, турнир 29-марттан 3-апрелге чейин Белград шаарында болду.