7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЭЛ ҮНҮ: Лейлекте майыптарга берилген жерди айыл өкмөтү сатып жиберди (ВИДЕО)

1399

Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы Кубат Мусаев мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилген жерди үчүнчү жактарга сатып жиберген. Бул тууралуу жабырлануучунун бир тууганы Сабыржан Зиебодинов «7-каналдан» редакциясына кайрылды.

Маалыматка ылайык, жер тилке жабырлануучунун мүмкүнчүлүгү чектелген агасы менен эжесине мамлекеттен берилген.

“Айыл өкмөт башчысы Кубат Мусаев жерди биздин макулдугубузсуз башка адамга сатып жиберген. Эми ал бизди коркутуп-үркүтүп, жер тилкени  кайрадан каттоодон өткөрүүгө мажбурлап жатат. Жер базар баасы менен 1 миллион сом турат, а ал бизге 80 миң гана берем деп жатат. Ал эми жердин кызыл китеби сатып алган кишинин үйүнөн табылды. Биз милицияга да кайрылдык. Биздин көйгөйүбүз  президент менен УКМКнын жетекчисине жетишин каалайбыз” , — дейт ал.

Жер сатуу боюнча аталган айыл өкмөт башчысына 320-берене менен иш козголгон. Ошондой эле иштин материалдары Лейлек райондук сотуна жөнөтүлгөнү белгилүү болду.

Белгилей кетсек, соттук процесс 16-декабрга белгиленген.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1400