7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элдик пикир: Токмоктун азыркы көйгөйлүү абалынан чыгуу үчүн тажрыйбалуу жетекчи керек эле…

231

 

Токмоктун азыркы көйгөйлүү абалынан чыгуу үчүн тажрыйбалуу жетекчи, мыкты уюштургуч керек эле. Бул тууралуу Мирлан Дүйшөнбаев аттуу фейсбук колдонуучусу билдирди. 

«Токмок шаарында абал «мышык ыйлай» тургандай экенин УКМК төрагасы өзү айтты. Мамбюджеттен бөлүнгөн каражат максаттуу жумшалбай, шаар бийлиги тарабынан эч кандай иштер аткарылбай келгенине баарыбыз күбө болдук. Мына ушул кемчиликтерди жоюп, Токмок шаарын өсүп-өнүктүрүү үчүн Алтынбек Эргешов президенттин жарлыгы менен мэр болуп дайындалды. Ага өзгөчө тапшырма берилип, Токмоктун экономикасын, инфраструктурасын жолго салуу, шаардагы долбоорлорду ишке ашыруу милдеттендирилип, так мөөнөт берилгендиги маалым болду.

Токмоктун азыркы көйгөйлүү абалынан чыгуу үчүн тажрыйбалуу жетекчи, мыкты уюштургуч керек эле. Президент анын ушул жетекчилик сапаттарын, Нарын облусунда жасаган жакшы иштерин, берилген тапшырмаларды так аткарып, өз милдетине чоң жоопкерчилик менен мамиле жасаганын жогору баалап, өлкө башчысы Токмок шаарынын тагдырын ага тапшырды көрүнөт.
Эгерде Алтынбек Эргешовдун мыкты уюштургуч, тажрыйбалуу жетекчи экенин эске алсак, Токмок шаары жакшы жетекчилүү болду. Ошону менен бирге Президенттин тапшырмалары, аткарылчу иштердин баары УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катуу көзөмөлүндө болуп турса, жакынкы убакытта Токмоктогу абал кескин оң жагына өзгөрөрүн бөркүбүздөй көрсөк болот»,- деп берилет билдирүүдө.

232