7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элдик видео: Москва-Самара жолунда 17 кыргыз жараны кырсыкка учурады

2130

Интернетке 17 кыргыз жаранын чек арага миграциялык картасынын мөөнөтүн узартуу үчүн алып бара жаткан спринтер кырсыкка учурагандыгы боюнча видео тарады.

Тасманы тарткан жаран кырсык бүгүн, 21-августта  Мосвка-Самара жолунун 808 чакырымында камаз үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын ортосунда кырсыкка кабылгандыгын айтып, ичинде эки таанышы бар экендигин жана калган адамдарды таанууга жардам керектигин кошумчалаган.

Дагы бир колдонуучунун айтымында оор жүк ташуучу унаа токтоп турган маршурттук унааны сүзүп, ичиндеги адамдардын баары каза болгон. Дагы ичинде чыкпай жаткандары бар экендигин алар кыздар экендигин кошумчалаган.

Ошондой эле, социалдык тармактарда 18 адам каза болгондугу боюнча жазышууда.

Аталган окуя боюнча Кыргызстандын Москвадагы элчигине кайрылганыбызда учурда маалымат такталып жаткандыгын, алдыда расмий кабар бериле тургандыгын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2131