7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Электрондук тамекини өлкөгө ташып келүү убактылуу токтотулушу мүмкүн

297

Никотин суюктугу бар электрондук тамекини өлкөгө ташып киргизүүгө 6 айга тыюу салынышы мүмкүн. Бул боюнча Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Анда никотин суюктугу бар электрондук тамекилерге, никотин берүү системдерине жана аларды колдонуу үчүн арналган картридждердеги, резервуарлардагы жана башка идиштердеги никотинди камтыган суюктуктарга тыюу салуу каралган.

Аталган токтом жаштар арасында электрондук тамекиге болгон көз карандылыкты жоюу жана жаңы муундун ден соолугун сактоо максатында иштелип чыкты.

Белгилей кетсек, быйыл 1-июлдан баштап өлкөдө электрондук чылымды колдонууга жана сатууга тыюу салынган. Чеккендерге 10 миң сом, саткандарга 65 миң сомго чейин айып салынат. Ал эми ташып келгендерге 100-120 миң сом айып каралган.

298