7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Элмирбексиз бир жыл» Айтылуу акын өткөн жылдын 20-апрелинде дүйнө салган

700


Кыргыз менен казак элине таанымал төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын 20-апрелинде 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Өзү өтсө да, эмгеги элдин эсинде калган акындын өлүмү үй-бүлөсүнө, жакындарына жана артында калган калдайган эл үчүн күтүүсүз сокку болгон.

Төкмө акын Элмирбек Иманалиев акындыктан башка да көптөгөн талантка ээ болгон. «Айтыш» коомдук фондунда көптөгөн жаш акындардын устаты десек жаңылышпайбыз. Чүй облустук драм театрында эмгектенип, Манас айтып, дастандарды мыкты чеберчиликте аткарган.

Эл ичинде анын «Коштошуу вальсы», «Жалгыздыктан тажап бүттүм», «Булбулум», «Аруузатым», «Мунарым» аттуу чыгармалары өчпөс болуп ырдалып келет.

«Бир келген өмүрдүү майнаптуу, таттуу, көңүлдүү жашагым келет. Себеби жакшыбы, жаманбы, ушул деңгээлге келишим үчүн да далай көп мээнет жумшагам»-деп айткан акын дагы бир аз жашап турса көптөгөн чыгармалар жаралып, кыргыз элине дагы кызмат кылат беле.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

701