7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эльвира Сурабалдиева: Аймактардагы медициналык мекемелердин абалы начар

215

Өкмөт аймактагы медициналык мекемелердин абалын жакшыртуу үчүн колдон келген күч-аракетти жумшайт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө билдирди.


Ал Панфилов районунун Эркин-Сай айылындагы № 9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мекемесинин абалы менен таанышып кайтты. Имаратта капиталдык оңдоо 30 жылдан бери жасала элек, ал эми медициналык мекеме 3 миңге жакын адамга тейлөө көрсөтөт. Бүгүнкү күндө жаңы имараттын курулушу зарыл.


«Район жана айылдардагы медициналык мекемелердин абалы начар. Айрым мекемелерде 30 жылдан ашуун капиталдык ремонт жүргүзүлгөн эмес. Имараттар эски, көпчүлүгү талаптарга жооп бербейт, ал арада башка мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, биздин жарандар ал жерден дарыланууда. COVID-19 пандемиясы учурунда бул маселелер курч мүнөзгө ээ болуп, чечүүнү талап кылууда. Өкмөт аймактагы медициналык мекемелердин абалын жакшыртуу үчүн колдон келген күч-аракетти жумшайт. Мындан тышкары, медициналык кызматкерлердин социалдык-экономикалык шарттарын жакшыртуу, анын ичинде турак-жай маселесин чечүү иштелип чыгат», — деди ал.

Вице-премьер-министр Сокулук аймактык ооруканасынын, андагы жугуштуу оорулар бөлүмүнүн абалы менен таанышты. Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн эски имаратынын ордуна жаңысын куруу пландаштырылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

216