Дүйшөмбү күнү республикада күн ачык болот, айрым жерлерде жамгыр жаайт.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +11…+22, Талас аймагында +12…+23, Ош жана Жалал-Абад облустарында +12…+22, Баткенде +8…+22, Ысык-Көлдө +9…+13, Нарын өрөөнүндө +5…+17 градус болот.
Күндүн табы борбор калаада +13…+24, Ош шаарында +14..+22 градуска жетет.