7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми автобус жана троллейбустарда жол кирени «Элкарт» картасы менен төлөөгө болот

831

Эми Бишкектин коомдук транспортунда жол кирени байланышы жок ЭЛКАРТ банк карталары менен төлөөгө болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, жаңы функция пилоттук режимде бардык коомдук транспортто жеткиликтүү.

«Жол киренин акысын төлөө үчүн байланышы жок төлөмдү кабыл алуу белгиси бар «Тулпар» валидаторуна банк картасын тиркөө керек жана төлөм өткөнгө чейин бир-эки секунд күтүү керек.

Терминалдар төлөм үчүн Кыргызстандын бардык банктарынын байланышы жок ЭЛКАРТ карталарын кабыл алат. Жарандар жол акысын каалаган банктын контактсыз Visa карталары менен төлөөнү уланта алышат»,-деп берилет билдирүүдө.

Белгилей кетсек, долбоорду борбор калаанын мэриясы долбоордун өнөктөш банкы «Тулпар Кыргызкоммерцбанк» жана ЭЛКАРТ улуттук төлөм системасы менен биргеликте ишке ашырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

832