7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми олимпиадаларда Россиянын гимни менен «Катюшасы» коюлбайт

391

Лозаннадагы Спорт арбитраждык сотунун (CAS) Токио жана Бээжин Олимпиадасында Россиянын «Катюша» ырын колдонууга уруксат бербей койгонуна орус спортчулары менен чиновниктери нааразы. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, допингге каршы эрежелердин бузулушунан улам, Россиянын спортчуларына 2022-жылдын декабрь айынын ортосуна чейин мамлекеттик желекти көтөрүп жүрүүгө жана өлкөнүн гимнин колдонууга тыюу салынган.

Башкача айтканда, Россияга байланыштуу ырлардын баарын ырдоого болбойт, жана бул Катюшага түздөн-түз тиешелүү болуп эсептелинет.
«Февралда Россия Эл аралык олимпиада комитетине (ЭОК) жакынкы эки жылдагы Олимпиада оюндарында гимндин ордуна «Катюша» композициясын колдонууну сунуш кылды», — дейт Олимпиада комитетинин башчысы Станислав Поздняков.

Бирок CAS Орусияга каршы санкциялар боюнча чечиминде: «Орусиянын гимни (же Россия менен байланышкан башка гимн) расмий түрдө спорттун аянтчаларында ойнолушу же аткарылышы мүмкүн эмес», — деп айтылган. Бул мелдештин ачылуу жана жабылуу салтанаттарына, ошондой эле медалдарды тапшыруу учурларында да тиешелүү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

392