Апрель айынын башынан тарта Ош шаарынын аймагында каттаган маршруттук каттамдар жайкы графикке өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кыш мезгилинде кечки саат 19:00дөн кийин жол акысы 20 сом деп бекитилген. Эми жайкы графикке ылайык өзгөртүү киргизилип, жүргүнчүлөрдөн саат 21:00гө чейин 15 сомдон гана алынат. Ал эми 21:00дөн 23:00гө чейин 20 сом.
Эскерте кетсек, бул тарифтин мектеп окуучуларына тиешеси жок.