Ленин районунда «Ыйык Рамазан айы» кайрымдуулук акциясы башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев Ленин районунун аймагында жашаган көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү кыдырып, мусулмандардын ыйык Рамазан майрамы менен куттуктап, үй – бүлөлөргө азык-түлүк баштыкчаларын жана балдарга таттууларды тапшырды.
Бул акция ыйык Рамазан айынын аягына чейин уланып, чындап муктаж болгон ар бир адамга жардам көрсөтүлөт.