Бүгүн, 4-апрелде президент Садыр Жапаров социалдык тармактын кызматкерлеринин республикалык жыйынына катышты. Жыйындын жүрүшүндө өлкө башчы бүгүн «Кумтөр» боюнча иш аягына чыгарын билдирди.
«Кумтөр боюнча бүгүн кечки саат 18:30да түз эфирде видео конференция аркылуу кол коюшабыз. Бүгүн ишин аяктадык. Эч кандай соттошуусу жок, тынч «ажырашып» жатабыз. Албетте, биздин пайдабызга чечилип жатат. Аны кечки түз эфирде көрөсүздөр. «Кумтөрдөн» башка 30дан ашык алтын кен чыккан жерлерибиз бар. Бардыгын өзүбүз иштетебиз деп «Көчмөндөр мурасы» деген холдинг түзгөнбүз. Кендердин баарын өзүбүз ачабыз»,- деди өлкө башчы.