7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми ЖК депутаттары манжа изи менен катталып, добуш беришет

187

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар манжанын изи же адамдын жүзүн тааныган функциясы бар электрондук тутум менен добуш бериши керек. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, депутаттарды каттоо жана добуш берүү процессинде манжа издерин колдонуу нормасы 2026-жылдын январында күчүнө кирет.

Учурда техникалык жактан камсыздалып, даярдык иштери жүрүүдө.

Регламент боюнча добуш берүүнүн ачык, бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү сыяктуу түрлөрү бар. Депутат кайсы бир маселе боюнча өзү гана добуш бериши керек жана добуш берүү укугун башка депутатка өткөрүүгө тыюу салынат. Бирок ага карабастан буга чейин эл өкүлдөрү бири-бири үчүн добуш берип койгон учурлар көп болгон.

 

 

 

188