7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын эл аралык резерви 8 млрд доллардан ашып, өз рекордун жаңылады

377

Кыргызстандын Улуттук банкынын эл аралык резервдери 2025-жылдын ноябрынын жыйынтыгы менен 8 млрд 269,16 млн АКШ долларын түзүп, өз тарыхындагы рекорддорун жаңыртты. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматтарында айтылат.

Эл аралык резерв былтыр ноябрда 5 млрд доллар болчу. Быйыл январда 5,2 млрд долларга жеткен.

Эл аралык валюталар резерви – бул өлкөнүн акча-насыя саясатын жүргүзүүгө, валюталык базардагы курсту кармоого, баалардын туруктуулугун колдоого, мамлекеттин чет өлкөлүк валютадагы милдеттенмелерин тейлөөгө жана башка максаттарга колдонулчу мамлекеттик актив. Улуттук банк Кыргызстанда чет элдик валюталардын курсу кескин өзгөрүп кетсе резервдеги каражатын базарга сатып турат.

Резерв негизинен алтын түрүндө сакталат. Калганы кубаттуу өлкөлөрдүн валютасына айлантылып, кармалат.

Кыргызстандын бийлиги 2021-жылы канадалык “Центерра Голд Инк” компаниясы иштеткен өлкөдөгү эң ири Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргизип, 2022-жылы аны толук өзүнө өткөрүп алган. Ошондон бери анын алтынын дүйнөлүк биржалык баанын чегинде Улуттук банк сатып алып келет.

378