7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмманюэль Макрон: Экономика жаатындагы кызматташууну бекемдөөгө болгон каалоом күч

258

Франция Республикасынын Президенти Эмманюэль Макрон Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Анда ал кызматташууга даяр экендигин баса белгилеген.


«Франция Европа Бирлиги менен Кыргызстандын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүнүн жактоочусу болуп саналат. Европа Бирлиги менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө Макулдашуунун жакында күчүнө кириши Европа Бирлиги жана анын 27 мүчө-өлкөсү климаттын өзгөрүүсү менен күрөштү эске алып Сиздин өлкөнү укуктук мамлекет, демократия менен туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү жолуна жетишүүгө колдоосунун конкреттүү далили болуп кызмат кылат.


Учурдан пайдаланып, биздин саясат, ошондой эле маданий жана экономика жаатындагы эки тараптуу кызматташууну улантууга жана тереңдетүүгө болгон каалоомду дагы бир жолу тастыктайм. Франциянын Борбордук Азия изилдөө институтунун (IFEAC) Бишкекте болушу изилдөө чөйрөсүндөгү байланыштарыбыз менен гуманитардык жана коомдук илимдер чөйрөсүндөгү кызматташтыгыбызды күчөтүү үчүн уникалдуу артыкчылык болуп эсептелет. Ошону менен бирге, кыргыз тарап түзүп, Франциядан каржылык жардам алган Бишкектеги Француз альянсы сиздердин өлкөдө француз тилин жана француз маданиятын жайылтуунун негизги куралы болуп саналат. Анын ишине кыргыз бийлиги узак мөөнөттүү колдоо көрсөтөөрүнө ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

259