7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмомали Рахмон «Ынтымак Ордого» атчан аскерлер менен келди (ФОТО)

355

Бүгүн, 13-мартта, Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Тажикстандын лидеринин кортежи атчандардын коштоосунда “Ынтымак Ордо” имаратынын алдына келди.

“Ынтымак Ордонун” флагштокторуна Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик желектери илинди, Ардак кароол тизилди, килемдер төшөлдү.

Президенттер бири-бири менен учурашты, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген катардын алдынан басып өтүштү.

Андан соң Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрү менен тааныштырышты, андан кийин Ардак кароолдун аскер кызматкерлери мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу жүрүш менен өтүштү.

356