7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эпидемиологиялык абалдын курчушуна байланыштуу «Беткап тагынып — өмүрлөрдү сакта!» акциясы өттү

623

Бишкек шаарынын Октябрь районунун жаштар канаты жана аким Данияр Арпачиев «Беткап тагынып — өмүрлөрдү сакта!» акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты  шаардын эпидемиологиялык абалынын курчушуна байланыштуу шаардыктардын көңүлүн санитардык-эпидемиологиялык талаптарга буруу.

Октябрь районунун акими жана райондун жаштары борбор калаанын аялдамаларында жүргүнчүлөрдү коомдук транспортто бара жатканда беткап режимин жана башка сактык чараларын сактоого жана эмдөөдөн өтүүгө чакырышты.

Белгилей кетсек, акцияга спортчулар, медицина кызматкерлери, Балдар чыгармачыл борборунун кызматкерлери, эстрада жылдыздары катышып, коомдук транспортто жана эл көп чогулган жерлерде, коомдук жайларда, соода борборлорунда эрежелерди жана коопсуздук чараларын сактоону өтүнүштү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

624