7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ералаш» юмордук журналынын көркөм жетекчиси Борис Грачевский көз жумду

298

«Ералаш» юмордук журналынын көркөм жетекчиси Борис Грачевский 72 курагында көз жумду. Бул тууралуу ТАСС агенттигине анын жубайы Екатерина Белоцерковская билдирген.


Маалыматка ылайык, 14-январда Грачевский комага түшүп, экстракорпоралдык мембранадагы оксигенация аппаратына (курч дем алуу жетишсиздигинин өнүгүшү учурунда канды кычкылтек менен каныктыруучу шайман) туташтырылган. Көп өтпөй коронавирустук инфекциядан улам пайда болгон оорлошуудан соң көз жумган.


Грачевскийден декабрдын аягында коронавирус илдети аныкталган. Алгач ал ооруну үй шартында дарыласа, кийин реанимацияга түшкөн.


Борис Грачевский 2002-жылдан бери Ералаштын көркөм жетекчиси болуп эмгектенип келген. Ошондой эле ал «Крыша» жана «Между нот, или Тантрическая симфония» тасмаларын койгону менен белгилүү. «Социалдык жарнама» долбоорунун автору. Грачевский тери рагы менен күрөшүп келген. Бул тууралуу ал 2018-жылы «Адам тагдыры» программасында айтып берген. Ал эми ал 2020-жылдын 18-мартында 71 жашка толгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

299