7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эрбол Султанбаевдин «Азаттык медиасы» боюнча комментарийи

463

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевдин «Азаттык медиасы» боюнча комментарийи.

Эрбол Султанбаев :
«Бүгүн жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу АКШнын эки сенатору «Азаттык медиа» айланасындагы кырдаалга байланыштуу Президент Жапаровго кайрылуу жолдоп, анда өлкөдө сөз эркиндигине кысым болууда дегендей тынчсыздануусу айтылганы белгилүү болду.

Бул, сөз эркиндигине жана басма сөзгө өлкөнүн Конституциясы берген кепилдикке каршы келген сыңары белгиленет.

«Азаттык медианын» ишин эки айга хостинг-провайдер менен токтотуу чечимин 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы окуялар тууралуу анык эмес маалымат бергендигине байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабыл алганын эске салгыбыз келет.

Бул чечимди кабыл алганга чейин, Министрлик «Азаттык медиа» редакциясына бир нече жолу кат жөнөткөн.

Өз укугун пайдалануу менен сайттын иши иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык токтотулган.

Башкача айтканда бул атайын чара эмес, анык эмес маалымат таратууга тыйуу салган өлкөнүн иштеп жаткан мыйзамын бузууга карата реакция болгон.

Кыргызстан көз карандысыз медиалар толук кандуу иштөөсүнө бардык шарттары бар эркин, демократиялык өлкө.

Дагы бир жолу кайталайм, бардыгы үчүн жалгыз талап иштеп жаткан мыйзамдарды сактоо».

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

464