7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эркин Салымбеков эмне үчүн кармалгандыгы айтылды

7803

Айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташуу жол -жоболорун талдоо учурунда айыл чарба азыктарын өлкөнүн чегинен тышкары жактарга экспорттоого тоскоолдуктарды түзгөн кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын туруктуу тобу аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Анын натыйжасында айыл чарба өндүрүүчүлөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукциянын үзгүлтүксүз өтүшү үчүн кызмат адамдарына жана логистикалык компанияларга ири суммадагы акча төлөөгө мажбур болушкан.

Иликтөөнүн жыйынтыгында, Айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министрлигинин айрым кызматкерлери, бул коррупциялык схеманы уюштурган логистикалык компаниянын өкүлдөрү, ошондой эле “Дордой Дыйкан” базарынын директору «С.Э.М» кармалып, жоопко тартылды.

Кармалгандарга карата сот тергөө бүткөнгө чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады. УКМК бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана жоопко тартуу боюнча ишин улантууда.

«Дордой Дыйкан» базарынын директору Салымбеков кармалды

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

7804