Мечиттеги жардыруудан каза болгон 41 кишини жерге берүү зыйнаты 16-октябрда өттү. Жардыруунун жоопкерчилигин «Ислам мамлекети- Хорасан» террордук тобу моюнуна алган.
«Биринчи жан кечти жардыргыч зат байланган күрмөсүн мечиттин коридорунда жардырган. Экинчиси болсо, намаз окуп жаткандардын ортосунда туруп жардырган»,- деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 15-октябрда Кандагар шаарындагы шииттердин мечитинде жума намаз учурунда чоң жардыруу болгон. Ал эми 8-октябрда Кундуз шаарындагы шииттердин мечитин бутага алган бомба чабуулу үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчиликти мойнуна алган.