Эртең, 26-апрелде көпчүлүк аймактарда күн күркүрөп жаан жаайт. Ал эми, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22
- Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21
- Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27
- Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20
- Бишкекте түнкүсүн 5…7, күндүз 19…21
- Бийик тоолуу аймакта түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9 градус болот.