Эртең, 29-ноябрда, “акылдуу” эсептегичтер Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 4 300 турмуш-тиричилик жана турмуш-тиричилик эмес абоненттердин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрөт.
Ыңгайсыздыктарга кабылбаш Чүй электр тармактар ишканасы абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.
«Сиздерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында Чүй электр тармактар ишканасынын сайтында “Абоненттин балансы” рубрикасы иштеп келет. Анын жардамы менен бардык абоненттер өздүк эсебин каалаган учурунда биле алышат. Мындан сырткары, абоненттер өз эсебин 1209, 0772/0702/0556 00 12 09 номурундагы күнү-түнү иштеген чалуу-борборуна чалып, же болбосо 0556 001209 номурундагы WhatsApp тиркемесине жазып биле алышат»,-деп берилет маалыматта.