7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эртеңден баштап «Манас» аэропортуна чектөөлөр киргизилет

766

Эртең 17-апрелден баштап «Манас» аэропортунун аймагында өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу айрым чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, түнкү саат 00:00дөн эртең мененки саат 7:00гө чейин аэровокзалдын ичине бөтөн адамдардын, анын ичинде узатып жана тосуп алууга келген жарандардын кирүүсүнө тыюу салынат. Аэровокзалга авиабилети бар гана адамдар киргизилет.

Чет өлкөлөргө кетип жаткан жана учуп келген жарандардын дене табын өлчөө күчөтүлөт.

«Урматтуу авиакомпаниянын жүргүнчүлөрү, бул чектөө чаралары сиздердин коопсуздугуңуздар үчүн көрүлдү, биз сиздерди эрежелерди сактоого жана ден-соолугуңузга кам көрүүгө чакырабыз», — деп жазылат маалыматта.

Аэропорттун басма сөз кызматы бет тагынып, 1,5 метр социалдык аралыкты сактоону эскертет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

767