7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Эртеңки күнүмдүн жарыгы жарк этип жанды»,- дейт актёр Нуржаасын Жумагулов

6387

Актёр Нуржаасын Жумагулов операциядан кийин жакшы болуп, бүгүн, 1-августта ооруканадан чыккандыгын жазып, жардам колун сунган жалпы элге ыраазычылыгын билдирди.


«Ошентип тагдырдын жазмышына көнүп башка салган сыноону көтөрдүк. Кудайдын кудурети, элибиздин ак батасы, дубасы, апакемдин теңдеши жок энелик сүйүүсү менен кеселди жеңип келатабыз. «Дартты берген дабаасын де берет» деген чын экен. Кереметтүү жерден мекендеген кең пейил, боорукер элимдин көмөгү менен эртеңки күнүмдүн жарыгы жарк этип жанды. Ар бириңиздерге терең таазим! Ар бир секунд сайын сиздердин колдооңуздарды сезип турдум. Ошол мага дем болду, жараатыма эм болду.
Чогулган акча толугу менен оперцияга жетип, кайра дарылануубуз үчүн да керек болгон каражатыбыз бар. Бул акчалар ар бириңиздердин маңдай териңиздер менен табылган жана ак дилиңиздер менен чогулган акча. Ар бириңиздерден Алла Таллам ыраазы болсун. Сиздерге Аллахым эки эселеп берсин. Атам көрбөгөн жерге келип өмүрүмдүн бүлбүл жанган жарыгын жарыктандырып, шаңына шаң кошуп кетүү мүмкүнчүлүгүн алыптырмын. Операциянын ийгиликтүү өтүшүн камсыздаган бардык алтын колдуу доктурларга таазим кылам! Канча өмүрлөр илгери үмүт менен келип ушул жерден шыпаасын таап кетет. Жараткан бизди да ошол шыпаа табуучулардын катарына кошкон экен. Ошого себепчи болгон ак халатчандарга даңк! Бүгүн больницадан чыктык. Эми август айы көзөмөлдө болуп турабыз«,- дейт Жумагулов.

Эске салсак, Жумагулов 2 жылдан бери бөйрөк оорусу менен жабыркап келээрин айтып чыккан. Анда Кыргызстандагы дарыгерлер анын чет өлкөдөн тез арада бөйрөгүн алмаштыруу зарылдыгын  айткандыгын кошумчалап коомчулуктан жардам сураган. Көп өтпөй кайрымдуу адамдардын жардамында керектүү каражат чогултулган.

Нуржаасын Жумагулов «Мегатой», «Миң бир түн», «Жетикс», «Напарниктер» жана башка кинолордо роль ойноп, спектаклдерде образ жараткан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

6388