Эртең, 12-декабрда айрым аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаап, жолдор тайгак болот.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 6…11,
 - Таласоблусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10,
 - Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15,
 - Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7,
 - Нарынжергесинде түнкүсүн -13…-18, күндүз -6…-1,
 - Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -29…-24, күндүз -11…-6 градус.
 - Бишкекте жаан-чачын жаабайт түнкүсүн- 0…-2, күндүз 9…11 градус болот.
 



