7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эс алуу артындагы өлүм. Flyjump`тын ээси үй камагына чыкты

551

Аламүдүн райондук соту Flyjump спорт комлексинин ээсин үй камагына чыгарды.

297-берене («Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу») анча оор эмес кылмыштарга кирет, ал үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Мыйзам боюнча, анча оор эмес кылмышка айыпталгандар башка жеңилирээк бөгөт чарасын колдонууга болбой турган учурда гана камакка алынат.

Ошондой эле сот чечимди кабыл алууда шектүүнүн мурда соттолбогонун, туруктуу жашай турган жери бар экенин жана тергөөдөн жашырынбаганын эске алганы белгиленди.

Эске салсак, Чуңкурчак капчыгайында бийиктиктен секирген эркек киши арканы үзүлүп кетип каза болгон. Кырсык FlyJump спорт комплексинде болгон.

552