Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, бүгүн, 22-ноябрда өлкөнүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12; Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +10…+15; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +10…+15; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9; Нарын облусунда түнкүсүн 10…-15, күндүз +1…+6; Бишкекте түнкүсүн 0…-2, күндүз +9…+11 градус болот.