7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жыпариса Рысбекова Жалал-Абаддын алыскы жана тоолуу райондоруна барды

597

Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү 17-20-ноябрда  Жалал-Абад облусунун шаарлары, бийик тоолуу жана алысыкы райондорунда жумушчу сапары менен болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. 

Сапардын алкагында облустагы балдардын укуктары менен кызыкчылыктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү.

Кара-Көл, Таш-Көмүр мэрлери жана Токтогул, Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунун акимдери, айыл өкмөттөрдүн башчылары, социалдык мекемелердин жана жашы жете элек балдардын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча натыйжалуу мамлекеттик системаны калыптандырууга көмөктөшүү боюнча инспекциянын жетекчилери менен жолугушуулар өттү.

Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарлары, Токтогул, Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунун  социалдык объектилерде болду. Бул: «Арча-Бешик» бала бакчасы, Кара-Көл шаардык Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлик практика борборунун балдар бөлүмү, Т.Сатылганов атындагы № 4-орто мектеп, «Ак-Кайың» № 2 бала бакчасы, Ж.Мавлянов атындагы орто мектеп-интернаты,

Т. Давлетов атындагы № 4 бала бакчасы, «Кун Чубак» № 1 бала бакчасы, «Бүчүр» бала бакчасы, Байдөөлөтов атындагы орто мектеп, ошондой эле бир нече үй бүлө жана балдарды өнүктүрүү борборлорунда болду.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелерди чечүү жолдору талкууланып, мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүктөрүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына балдардын укугу жана аларды коргоо маселелери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жакшыртууга сунуштар жана тапшырмалар берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

598