Теле алып баруучу, блоггер, актриса Назира Айтбекова Фейстук баракчасына дебатта эки жаат болуп айтышкан Темирлан Султанбеков менен Али Токтакуновго билдирүү калтырды.
(Билдирүү өзгөртүүсүз берилет…)
«Али менен Темирландын акыйнегин көрүп алып, көңүл түшүп атат кечээтен бери! Ишенген кожобуз силер болсоңор! Жаштар келсе, акылдуулар келсе, кыйратат деп акыйып отурсак, кылганыңар ушулбу? Атамбаев мн Текебаевдин намысын эмес, Кыргызстандыкын коргогула, кокуй! Керек болсо, партияңардын желегин таштап алып, Кыргызстандын желегинин алдында жетелешип басчу жолдосуңар! Эки дөө өз алдынча согуша берсин! Экөөң элди, өлкөнү ойлогула! Мээси жоктор деп урушайын десем, мээлүүсүңөр! Эси жоктук кылбагыла! Эптеп араң жан күйгөн үмүткө суу бүрккөндөй эле кылып атасыңар! Ар кимиңдин амбицияңардын айынан ары жакка тоголонуп кетпесек эле болду! Айтып коеюн, бирөөң жакшы көргөн кесиптешим, бирөөң жакшы көргөн инимсиң! Кыйшайсаңар, түз жолуңардан, максатыңардан тайсаңар, өпкөңөрдү үзүп , колуңарга өзүм карматам! Маанайды түшүрбөй, бириңди бириң колдоп, кол кармашып алып, өлкөгө кол кабыш кылгылачы! Эки дөө экөөң жок эле маселесин чечишип алышат!», — деп жазат ал.