7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эскертүү! Жапайы жаныбарларды мыйзамсыз олжолоо боюнча айыппулдун өлчөмү жогорулады

147

Жапайы жаныбарларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарларды мыйзамсыз олжолоо, же алардын өлүмүнө жол бергендик үчүн таксалардын (айыппулдун) өлчөмү жогорулатылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, тийиштүү өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 «Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна киргизилди. Ал эми чечимге Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду.


Документ Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу мыйзамдарынын талаптарын сактоо чөйрөсүндө биологиялык түрдүүлүктүн сакталышын камсыздоого, Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар дүйнөсүнүн, анын ичинде эндемикалык объекттерин мыйзамсыз пайдалангандык үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган.


Таксалардын жаңы өлчөмдөрүн белгилөө учурунда төмөнкүлөр эске алынды: жапайы жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн баалуулугу, алардын кайтарылышынын статусу, эндемикалуулугунун статусу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин (алардын өзгөрүүлөрүн эске алуу менен) атайын пайдалануу үчүн акынын ставкалары, республиканын калкынын көпчүлүгүнүн төлөөгө кудурети жана жаратылыштагы популяциялардын реинтродукциясы же санын көбөйтүү боюнча иш-чаралардын жарым-жартылай адекваттуу наркы.


Юридикалык жана жеке жактар жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин мыйзамсыз олжолоо же жок кылуу менен келтирген зыян үчүн айыптын өлчөмүн эсептөө үчүн таксалар ургаачы-эркегине жана жашына карабастан бир баш жаныбарды мыйзамсыз атып алуу же башка ыкма аркылуу өлтүрүү, үчүн доо суммаларынын негизин түзөт
Жапайы жаныбарларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген, расмий олжолоп алынуучу жана мыйзамдуу рынокто сатылуучу аңчылык жана башка түрлөрдүн тизмегине кирген жаныбарларды мыйзамсыз олжолоо же өлүмүнө жол берүү үчүн таксаны көбөйтүү алардын тиешелүү рыноктук наркынан 2ден тартып жана 10 эсеге чейин өлчөмдө жүргүзүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

148