7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Европа, АКШга жасалма виза жасап саткан туруктуу каналдын өкүлү кармалды

968

Кыргызстандын жарандарынын Европа жана АКШ өлкөлөрүнө мыйзамсыз миграциясын уюштурган канал аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлайт.

2020-жылдын декабрь айында жумуш менен камсыз кылган жеке агенттиги “PEACE” ЖЧКсы белгилүү бир суммага Европа өлкөлөрүнүн паспортторун жасалмалоо аркылуу Европада жана Америка Кошмо Штаттарында жарандарды жумушка орноштуруу боюнча кызматын мыйзамсыз көрсөтүп келген.

Бул паспортторду колдонгон жарандар (жасалма) Украинанын чек ара кызматы тарабынан кармалып, Кыргыз Республикасына кетирилген.

Бул факты КЖБРге катталып, жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жашырынып жүргөн, мурда бир нече жолу соттолгон Ж.У. аттуу жаран кармалды. Учурда кармалган адам Бишкек шаарындагы тергөө абагына киргизилди.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бельгиянын, Франциянын, Нидерландиянын, Испаниянын жана Грециянын жасалма паспорттору, компьютердик техникалар жана кеңсе техникалары табылып алынды. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Кармалган адамдын ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо үчүн жабыр тарткан жарандардан Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЭММКАКга телефон аркылуу кайрылууну суранабыз: (0312) 26-61-70, (0312) 26-61 -65, 0700 84-84-40, 0703 55- 81-25.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

969