7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Facebook, Instagram жана WhatsApp»тын иши дүйнө жүзү бою иштебей калды

627

Facebook, Instagram социалдык тармактары жана WhatsApp мессенджери (бардыгы Facebook корпорациясына таандык) дүйшөмбү күнү түштөн кийин олуттуу үзгүлтүккө учурады. Бул акыркы жылдардагы эң ири деп бааланган учур. Социалдык тармактар жана мессенджер көпчүлүк колдонуучуларга беш сааттан ашык жеткиликсиз болуп турду.

Социалдык тармактар жана WhatsApp иштебей калганы тууралуу алгачкылардан болуп АКШ, Батыш Европа жана Орусиянын колдонуучулары коңгуроо кагышкан. Аталган сайттардын тиркемелери да иштен чыккан.

Көйгөй Бишкек убактысы боюнча саат кечки тогуздарда башталган. Корпорация маселе чечилип жатканын билдирди. Анын себептери азырынча расмий түрдө жарыялана элек.

WhatsAppтын өкүлү NBCге билдиргендей, компаниянын кеңсесинде «электрондук почтадан башка эч нерсе иштебей калган».

«Бир катар көрсөтмөлөргө ылайык, DNS, домендик аталыштар системасында көйгөйлөр болгон. Колдонуучуларга Facebook.com же Instagram.comду кантип табууну айтып турган DNS жазуулары бүгүн эртең менен глобалдык маршруттардан өчүрүлдү», — деп жазат Брайан Кребс The Independent басылмасынан.

Facebook, Instagram жана WhatsApp Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 3төр чамасында акырындап оңоло баштаган. Бирок айрым аймактарда ал дагы деле иштебей турушу толук ыктымал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

628